ЖАША
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Өмүр сүрүү, тирүүлүктө болуу, өмүр жолун улантуу, белгилүү бир жашка чыгуу. Көп жашап, азды көргөн элет адамдарынан экендиктери үчөөнүн тең кебетелеринде турат (Сыдыкбеков). Карысам да өлгүм келбейт. Менин да жашагым келет! (Абдукаримов). Атаны арман карылык, Алтымыш жашап карыдык (Токтогул). // Жок болуп кетпөө, өсө берүү, өсүп-өнүгүү. А кээ бир адамга пайдасыз тикендер узак жашайт (Сыдыкбеков). || Унутулбоо, сакталып калуу. Түбөлүк жашап каласың, Эмгегиң сиңсе заманга (Шүкүрбеков). 2. Белгилүү бир жерде туруп калуу, турмуш-тиричилигин өткөрүү. Ата-энем ал жакта жашап калышкан (Жантөшев). 3. Жаша, жашасын формаларында. Ийгиликтерге жетишүүсүнө, гүлдөп өнүгүшүнө тилектеш экендигин билдирүү, куттуктоо, алкоо, даңазалоо, ураан чакыруу маанисинде колдонулат. Жаша, гүлдө, Кыргызстан, Жаркыраган чыгыштан! (Үмөталиев). Жарык нурду көрсөткөн Ленин жолу жашасын (Тоголок Молдо). 4. жашабагыр формасында. «Жарыбагыр, оңбогур, узабагыр» деген сыяктуу тилдөө, жемелөө маанисинде колдонулат. Күмүш жеңем жашабагыр деп, күндө үч убак тилдеген (Бөкөнбаев). Муну көрсөң, жашабагыр!